АКШ башында турган аскердик коалиция жүргүзгөн операцияда мындан тышкары 40 чакты унаа, анын ичинде аскердик машиналар жок кылынган.
2-сентябрда "Хизбулла" кыймылы коалициянын аскерлери "ИМ" тобунун мүчөлөрү үй-бүлөлөрү менен бараткан автобустар колоннасын тосуп алганын маалымдаган эле. Коалиция согушкерлерди Иракка өткөрбөө үчүн көпүрө жана жол жардырылганын, автобустарга чабуул коюлбаганын, андагы жай кишилерге суу жана тамак-аш берилгенин кабарлады.
АКШ баштаган аскердик коалиция сириялык оппозициянын катарында "ИМ" тобунун согушкерлерине каршы 2014-жылдан бери күрөшүп келе жатат.
Ал эми Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттери 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Орустар президент Башар Асаддын режимин колдоосун коалиция бир нече жолу айыптаган.