Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Ош менен Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү


3-сентябрда Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерине добуш берүүгө шайлоочулардын 54,93% катышты. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын активдүүлүгү Кара-Суу шаардык кеңешине добуш берүүдө байкалган, аталган аймакта шайлоочулардын 61,75% добуш берди.
Кара-Суу шаардык кеңешине КСДП, "Республика", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир бол" саясий партиялары катышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыкты. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" партиясы 13 добушка ээ болгон.

Ал эми Чаткал районунун Терек-Сай, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринде шайлоо бир мандаттык система боюнча өттү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG