Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис президент Дональд Трамптын администрациясы менен жолуккандан кийин билдирди. Ал Түндүк Корея "кандай гана чабуул жасабасын, тиешелүү жообун алат" деп айтканын Reuters жазды.
Мэттистин сөзүнө караганда, АКШ өзүн жана Түштүк Корея, Жапония сыяктуу союздаштарын коргоп калууга кудурети жетет.
Мурдараак АКШдагы штаб башчылардын бирдиктүү комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд түштүккореялык кесиптеши Чон Ген Ду менен Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыноосунан соң, ага каршы аскердик чараларды көрүү боюнча сүйлөшкөнү кабарланган эле. Ошондой эле Түндүк Кореяга күч колдонуу ыктымалдыгын президент Трамп да айткан.
3-сентябрда Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын кабарлаган. Расмий Пхеньяндын бул кадамын эл аралык коомчулук сынга алган.