Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:43

“Кайра жаралуу” партиясынын курултайы 11-сентябрда өтөт


Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев эл менен жолугушуу учурунда.

“Өнүгүү-Прогресс, “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери түзгөн жаңы “Кайра жаралуу” саясый партиясы 11-сентябрда өзүнүн курултайын өткөрөт. "Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” билдиргендей, жыйында "Кайра жаралуу" партиясы президенттик шайлоого чыга турган бирдиктүү талапкердин атын атайт.

- Өзүңүздөр билгендей, төртилтик “Кайра жаралуу” деген атка токтолгон. Жаңы партия 11-сентябрда биринчи курултайын өткөргөнү жатат. Ошол жыйында төртилтик сөзсүз келе жаткан шайлоого өзүнүн ичинен бирдиктүү бир талапкерди алып чыгат.

Анаркулов өз сөзүндө социалдык түйүндө “партия түптөлбөй жатып, ич ара бөлүнүп жатат” деген сөздөрдү жокко чыгарып, бул атаандаштар тарабынан чыгарылган кара пиар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кыргызстандагы "Өнүгүү-Прогресс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата Журт" партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан. (KE\SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG