Өзбекстан улуттук валютасына киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетерин, сумдун АКШ долларына карата курсун мындан ары өкмөт эмес, акча базары аныктаарын билдирди. Өкмөттүн 3-сентябрда жарыяланган жарлыгына ылайык, ишканалар менен жайкын тургундардын чет өлкөлүк валютаны сатып алышын чектеген эреже толугу менен алынып салынат. Жаңы тартип 5-сентябрдан тарта иштей баштайт.
Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовдун убагында сумдун долларга карата курсун өкмөт аныктап келген. Бирок мындай саясат мыйзамсыз базарларга жол ачып, валютанын расмий курсу менен бейрасмий базардагы курсунун ортосундагы айырмачылык көбөйгөн.
Расмий маалымат боюнча, бир доллар 4210 сумга барабар.