Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Сапар Исаков: “Кыргызтелекомдо” коррупция жоюлбай жатат


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Бул тууралуу оюн өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковду кабыл алган учурда айтты. Ал “Кыргызтелекомдун” каржы-чарбалык иши ачык жүрбөй, коррупциялык факторлор жоюлбагандыгын сындады.

Премьер тез арада “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши жана башкармалык жетекчилеринин ишин карап чыгууну табыштады. Сапар Исаков ушул кезге чейин өлкөдө жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулбагандыгын белгилеп, компанияга тажрыйбалуу адистер, иш билги адамдар келиши керектигин кошумчалады.

“Телекоммуникация тармагын оңдомоюнча биз өлкөдө “Таза коом” долбоорун эффективдүү иштешин камсыздай албайбыз”, – деди Исаков.

Сапар Исаков “Таза коом” долбоорун демилгелегендердин башында турат. Ал жаңы өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” деген программасы “Таза коом" долбоорунун алкагында жазылганын буга чейин парламентте айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG