Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Өзбек президентинин сапарында чек ара келишимине кол коюлат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өтмөгү. Май, 2017-жыл
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өтмөгү. Май, 2017-жыл

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-6-сентябрда Кыргызстандагы сапары учурунда чек ара боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Сапардын алкагында өзбек жана кыргыз президенттери эки тараптуу кызматташуу, чек ара, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бир катар документтерге кол коюшат.

- Иш сапардагы эң маанилүү документ кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аралары боюнча келишим болот. Өткөн жылы биздин президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти менен Самаркандда жолугушканда чек араларды тактоо иштерин жандантуу боюнча эки тарапка тең тапшырма берилген. Ошондон кийин эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топтору ыраатту иш алып барып ушуга чейин баш-аягы 16 жолугушуу өткөрүштү. Ошентип жеңил эмес сүйлөшүүлөрдөн кийин чек аранын 1170 чакырымымы же 80 пайыздан ашыгы такталды. Калган 217 чакырымды тактоо боюнча иштер уланат.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган эле.

1-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстан менен чек аранын такталган аймактарын бекитүү боюнча өткөөл келишимди даярдоо боюнча тапшырманы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровго тапшырган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети биргелешкен жыйын өткөрүп, чек ара маселесин жабык талкуулады.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

XS
SM
MD
LG