Түштүк Корея коңшусу Түндүк Корея дагы ракета сынаганга камданып жатканын билдирди. Пхеньян бул жолу континенттер аралык ракетасын сынашы мүмкүндүгүн Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги өз изилдөөсүнө таянып 4-сентябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда расмий Сеул АКШда жасалган ракетадан коргонуучу THAAD системасын күчтөндүрүп жатат. Бул коргонуу системасынын Түштүк Кореяга жөнөтүлүшүнө Кытай менен Орусия каршы болуп келген. Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул айда бир катар машыгуулар болоорун да кошумчалады.
Түндүк Корея 3-сентябрда суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын жарыялагандан кийин расмий Сеул коргоонуу системаларын бекемдөөнү күчөттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулоо үчүн бүгүн чукул жыйынга чогулаары кабарланган.