Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

БШК Келдибековду талапкер катары каттоодон баш тартты


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Журт” партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн Акматбек Келдибековду талапкер катары каттаган жок. Бул тууралуу 4-сентябрдагы БШКнын жыйынында маалым болду.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Келдибековдун соттуулугу толук жоюла электигин жүйө келтирип, аны талапкер катары каттоо мыйзамга каршы келерин билдирди.

Өз кезегинде “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков БШК мыйзамга каршы иш алып барганын айтып, сотко кайрыла турганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында гана алынарын кабарлаган.

Келдибеков "коррупция" беренеси боюнча соттолгон. 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK\SDz)

XS
SM
MD
LG