Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:27

Орусия: "жагымсыз" чет өлкөлүктөрдү депортациялоо сунушталууда


Андрей Климов
Андрей Климов

Орусияда өлкөнүн ички ишине кийлигишкен "жагымсыз" жүрүм-турумдагы чет өлкөлүктөрдү депортациялоону караштырган мыйзам долбоорун иштелип чыгышы мүмкүн. Бул багытта талкуулар башталганын орус парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү Андрей Климов жергиликтүү маалымат каражаттарына ырастады. 

Климовдун: "Биздин чет өлкөлүк өнөктөштөр системалуу түрдө биздин ишибизге кийлигишип жатат",-деген сөзүн Кремлге ыктаган "Известия" басылмасы келтирди. Аталган гезит орус бийлигине эл аралык уюмдарды жабууга мүмкүнчүлүк берген, 2015-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүндүгүн өз булактарына таянып кабарлады. 

Укук коргоо уюмдары аталган мыйзамды Кремлдин жарандык коомду алсыратуу аракети катары мүнөздөгөн эле.

 

XS
SM
MD
LG