Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Коопсуздук кеңеши шайлоо маселесин талкуулайт


Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши 11-сентябрда жыйынга чогулуп, президенттик шайлоого даярдык жана аны өткөрүү маселесин талкуулайт. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент Алмазбек Атамбаев 4-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алып, ушул маселени сүйлөштү.

Атамбаев кеңеш мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган бул маселе абдан олуттуу экендигин белгилеп, шайлоону ачык, демократияга шайкеш өткөрүү зарылдыгын айткан.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Оппозиция өкүлдөрү шайлоодо административдик ресурс колдонулат деген чочулоосун билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG