Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:27

Кыргызстан Мьянмадагы кырдаалга кабатырлануусун билдирди


Рохинжалык качкындар Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кыргыз Республикасы Улуттар уюмунун жана Ислам конференциясы уюмунун уставын жетекчиликке алуу менен Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал боюнча өтө тынчыздануусун билдирет жана бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырат.

Маалыматтарда басымдуу бөлүгүн буддалар түзгөн Мьянма өлкөсүндө мусулмандар жергиликтүү бийлик тарабынан кысымга алынууда.

Бул окуядан улам Мьянмадан Бангладешке өтө качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны ​87 миңге чаап барганын Улуттар уюму менен иштешкен гуманитардык кызматкерлерге шилтеме жасап, 4-сентябрда "Рейтер" агенттиги кабарлады. Ал эми кагылыштардан жана армиянын жооп чабуулунан өмүрү кыйылгандардын саны кеминде 400 адамга жетип калганы айтылууда.

Футбол боюнча 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн 5-сентябрга белгиленген Бишкектеги беттеши да өтпөй калганы бүгүн белгилүү болгон. 4-сентябрь күнү Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов маалымдагандай, коопсуздук маселелеринен улам беттешти токтотуу тууралуу өкмөт башчысы тарабынан чукул чечим кабыл алынган.

Кыргызстандагы социалдык түйүндөрдө буга чейин Мьянма менен оюндан Кыргызстандын футбол курамасы баш тартышы керектиги тууралуу чакырыктар айтылып жаткан. Ошондой эле матч учурунда Мьянмага каршы ар кандай акцияларды өткөрүүнү сунуштагандар да болгон.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG