Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Бишкек шаар сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши каралат


5-сентябрда Бишкек шаар соту Башкы прокуратуранын апелляциялык арызын карайт. Башкы көзөмөл органы оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго чыккан сот өкүмүнө макул эместигин билдирген.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу эки саясатчыны 8 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.

Соттолуучулар айыптоо негизсиз экенин айтып, бул бийликтин саясий куугунтугу деп билдирип келишет.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG