Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого 400дөй байкоочу жиберет


ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросу Кыргызстанда өзүнүн миссиясын ачат. Бул тууралуу 4-сентябрда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун башчысы жана элчи Александр Кельчевски менен жолугушуусунда маалым болду.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, Кельчевски алдыдагы президенттик шайлоодо эл аралык байкоочу катары чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, миссиянын башкы милдети шайлоого байкоо жүргүзүү экендигин айтты. Анын негизинде жалпысынан миссиядан 400дөй эл аралык байкоочунун келээри күтүлүүдө.

ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросуна шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча мандаты 1990-жылы Копенгаген документи менен бекитилген. Аталган документке Кыргызстандан тышкары 56 өлкө кол койгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG