Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Кыргыз-өзбек чек арасы алмашуу жолу менен чечилүүдө


Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы
Кара-Суудагы кыргыз-өзбек чек арасы

Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен 725 чакырым жеринен 80 чакырымы тактала электигин өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жалал-Абад облусу Өзбекстандын үч облусу менен чектешет. Жалпы 725 чакырымдын 643 чакырымы такталды. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде 476 гектар жер бизге өттү, ал эми 241 гектар жер Өзбекстанга берилди.

Акматовдун маалыматы боюнча, Өзбекстанга өткөн аймактар Кыргызстанга караганы менен, ал жерде иш жүзүндө өзбек жарандары жашап келишкен. Ал эми талаштуу Үңкүр-Тоо жана Чала-Сарт аймактары боюнча тараптар бир пикирге келише элек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, тагыраак айтканда талаштуу 58 аймак бар.(RsK/ZKo)

XS
SM
MD
LG