Бүгүн саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Алгачкы отурум башталбай жатып Текебаевдин адвокаттары сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти башка судья алып барышы керектигине өтүнүч келтиришти.
Жактоочу Чынара Жакупбекованын жүйөсүндө, шаардык соттун азыркы коллегиясы буга чейин Текебаевди үй камаганы чыгаруу тууралуу арызды кароого алып, мыйзамсыз чечим менен камакта калтырып койгон. Ушундан улам ал Эсенбаев, Момуналиев жана Аккозуевден турган судьялар жамааты март айында эле Текебаевдин ишинде калыстыктан тайганын айтып, ишти кароону улантпашы керек деп ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Бирок кеңешүүдөн соң соттук коллегия адвокаттардын өтүнүчүн негизсиз деп таап, ишти кароону улантууда.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту эки саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.
Бирок прокуратура райондук сот саясатчыларга аз мөөнөт берип койгонун айтып, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. Башкы көзөмөл органы Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесилиши керектигин соттон суранган.
Соттолуучулар айыптоо негизсиз экенин айтып, бул бийликтин саясий куугунтугу деп билдирип келишет. (SDz)