Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Шавкат Мирзиёев Бишкекке келди


Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев Самарканд шаарында. 2016-жылдын декабры
Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев Самарканд шаарында. 2016-жылдын декабры

Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.

"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.

Коңшу республиканын башчысы акыркы жолу Кыргызстанга 17 жыл мурда келген: мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.

Мирзиёевдин сапары учурунда ортодогу мамлекеттик чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын ала расмий кабарланган. Андан тышкары эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Эгемендик доору башталган алгачкы кезде, 1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ошко келип кеткен.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду.

1996-жылдын 24-декабрдында Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Ташкентке алгачкы расмий сапар менен барып, эки өлкө ортосунда Түбөлүк достук келишими кабыл алынган.

1999-жылы Өзбекстан Ош - Сары-Таш - Иркештам унаа жолун оңдоого Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берген. Ошол эле жылы өзбек өкмөтү КМШ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстанга карата визалык режим киргизген, бирок кийин кайра жоюлган.

2006-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиев Ташкентке расмий сапар менен барган.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.(RK)

XS
SM
MD
LG