Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

АКШнын Орусиядагы дипмиссиясы дагы кыскарышы мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Кошмо Штаттардын Орусиядагы дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрүнүн саны дагы 155 адамга кыскартышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын Сямэнь шаарында өтүп жаткан БРИКС саммитинин алкагындагы маалымат жыйында билдирди.

Путин АКШдагы 455 орус дипломаттарынын 155и Улуттар Уюмунун алдында иштерин түшүндүрдү. Мына ошол себептен орус жана америкалык дипломаттардын саны тең болуш үчүн дагы 155ке кыскартуу керектигин, бирок ал Москва азырынча буга барбайт деп кошумчалады Путин.

28-июлда Москва Вашингтондон 1-сентябрга чейин Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктө иштегендердин санын 755ке чейин кыскартууну талап кылган. Москванын мындай чечимине АКШ Конгресси Орусияга каршы киргизген кошумча санкциялардын айлампасы түрткү болгон. Ал эми Вашингтон өз кезегинде Сан-Францискодо, Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларындагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин токтотууну жарыялаган.

XS
SM
MD
LG