Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Бекназаров: Мага кылмыш иш козгоого юридикалык негиз жок


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ага байланыштуу кылмыш иш козгоого юридикалык негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирип, муну шайлоо алдындагы каралоо максатында жасалган аракет деп атады.

Коомдук ишмер Бекназаровдун "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда сүйлөгөнү тууралуу айткандары монтаж эмес экени аныкталганын жана буга байланыштуу кылмыш иш козголгонун УКМК бүгүн кабарлады.

Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, иштин козголушуна Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизанын жыйынтыгы негиз болду.

Өткөн айда интернетте Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн. Бирок Бекназаров да, Ташиев да ал монтаждалган тасма экенин айтып чыгышкан.

Бир нече күндөн кийин comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова (мурдагы фамилиялары - Качиева, Рыкунова) интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган деген Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра айтып: "Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим", - деп кайталаган.

УКМК бүгүн маалымдагандай, 15-августта Башкы прокуратура бул окуяны териштирүү керек деп кайрылган.

Ушундай эле арыз Рыкуновадан да келип түшкөн. Ал арызына Бекназаровдуку деген аудиону тиркеп берген.

Текебаев учурда УКМКнын тергөө абагында. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны орус жаранынан 1 миллион пара алды деген шек менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Өзү бул айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Азимбек Бекназаров 2-сентябрда президенттикке талапкер болуп расмий катталган. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG