Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Искандаров: Кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек 36 участок калды


Курбанбай Искандаров
Курбанбай Искандаров

Өзбекстан менен чектеш аймакта мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкелери Кыргызстандын үч облусунда тең бар. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди:

- Биринчиси Ош облусунда бир бөлүгү Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында, экинчи бөлүгү Өзгөндө жайгашкан жер. Экинчиси Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагында жана үчүнчүсү Баткенде Сох анклавынын айланасындагы участок. Жалпысынан 36 участок калды. Булар боюнча өзбек тараптагы кесиптештер менен алдын ала макулдашкан участоктор бар. Бүгүн келишимге кол коюлса, сентябрдын аяк ченинде калган участоктор боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

Искандаровдун айтымында, жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85% такталып бүттү.

Бүгүн Бишкекке келген өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында 1170 чакырым боюнча өткөөл келишимге кол коюлганы жатат. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG