Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Мирзиёев: 25 жылда чечилбеген чек араны бир жылга жетпей чечтик


Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев.
Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-сентябрда Бишкекте кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу келишимдерге кол коюлгандан кийинки сөзүндө эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын 85 пайызы чечилгенине токтолду:

- Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги чек ара маселелерин чечүүгө саясый эрки жетти. 25 жылдын аралыгында бир дагы чакырым чек ара чечилген эмес. Биз бир жылга жетпей эки өлкөнүн чек арасынын 85 пайызын чечтик.

Мирзиёев чек ара маселесин толук чечүүгө болгон аракеттер токтобой турганын кошумчалады:

- Мен президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга чакырам. Менин оюмча калган кыска аралыкта чек арадагы такталбай калган 15 пайыз тилке боюнча да болгон аракетибизди жумшайбыз.

Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө чек ара бекеттерин толук ачып, эки өлкөнүн жарандарынын эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө умтула турганын, чек ара бекеттери достуктун бекети болушу керектигин белгиледи.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев өзбек лидери менен чечилбей турган маселе жок экенин көзү жеткенин, Өзбекстанга коомчулук жана кошуналар күткөндөй лидер келгенин айтып өттү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 5-сентябрда келди. (SDz)

XS
SM
MD
LG