Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:08

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев бул тууралуу 5-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен бир катар документтерге кол койгондон кийин билдирүү жасаган учурда айтты. Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан мурун, Анжиян-Ош-Кашгар жолун курууну сунуштады:

- Анжияндан Ошко, андан Эркечтам аркылуу Кашгарга чейин жол салышыбыз керек. Бул эң кыска жол болот. Мына, саясий эрк бар. Алмазбек Атамбаев бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен 5-сентябрда келди. Бул күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG