Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Мирзиёев: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда саясий ишеним күч алды


Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев.
Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода алмашууну жыл сайын 500 млн долларга чейин жеткирүү керек деген сунушун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Алмазбек Атамбаев менен документтерге кол койгондон кийин билдирүү учурунда айтты:

- Акыркы жети айдан бери биздин өлкөлөр ортосунда саясий ишеним күч алды. Соода алмашуу мурдагыдан 60% өстү. Биз бул көрсөткүчтү 500 млн долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Эки өлкөнүн ортосунда соода болуп турушу керек, ишкерлер бири-бири менен түшүнүшүп турса, биз аларга жолтоо болбосок, элдин достугу артат. Алар бизсиз эле бири-бирин билип алышат.

Ал эми Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Борбор Азиядагы саясий-экономикалык жана соода борбору болоруна ишеничин билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 5-сентябрда келди. Анын сапары учурунда кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу ондой документке кол коюлду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG