Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ооганстанда уурдалган Кызыл чырым уюмунун кызматкерлери куткарылды


Эл аралык Кызыл чырым комитетинин кызматкерлери.
Эл аралык Кызыл чырым комитетинин кызматкерлери.

Ооганстанда Эл аралык Кызыл чырым комитетинин эки кызматкери бошотулду. Алар февраль айында өлкө түндүгүндөгү Жозаян провинциясында белгисиз куралчан адамдар тарабынан уурдалып кеткен.

- Биз кесиптештерибиздин аман-эсен катарыбызга кошулганына кубанычтабыз. Биз аларды куткаруу үчүн бардык күчүбүздү сарптадык. Кесиптештерибиздин куткарылышына көмөк көрсөткөн бийликтерге, коомчулукка алкышыбызды айтабыз, - деп билдирди 5-сентябрда Ооганстандагы Кызыл чырым уюмунун башчысы Моника Занарелли.

Ал уюм өкүлдөрүн ким жана эмне себептен уурдаганын айтуудан баш тартты. Өткөн жылдын соңунда Испаниянын Кызыл чырым уюмунун кызматкери Ооганстандын Кундуз провинциясында уурдалып, 19 күндөн кийин куткарылган.

XS
SM
MD
LG