Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Депутат Аида Салянованын соту уланат


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 5-сентябрда бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянованын иши тууралуу маалыматтар менен таанышууну улантат. 4-сентябрда соттук териштирүү Салянованын адвокаты түштөн кийинки процесске келбей калгандыктан, үзгүлтүккө учураган.

Оппозиционер саясатчы Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.

6-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда дагы бир "атамекенчи", мурунку депутат Райкан Төлөгоновдун соту да уланат. Ал 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG