Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

БУУнун баш катчысы Мьянмадагы зомбулукту токтотууга чакырды


Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешине Мьянмадагы зомбулукту токтотуу боюнча бир нече кадамдарды сунуштады. Ал бул өлкөдөгү кырдаал боюнча кабатырлыгын билдирип, Мьянманын бийлигин Ракхайн штатындагы мусулмандарга жарандык же кадыресе жашоо үчүн башка бир макам берүүгө чакырды.

Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн жана рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан кеминде 400 киши өлдү. 90 миңден ашуун рохинжалар коңшулаш Бангладешке качууга мажбур болушту. Рохинжалар бир нече жылдардан бери Мьянманын жарандыгын ала албай келишет. Өлкөдө мусулман азчылыктар менен буддисттердин ортосунда кагылышуулар бат-бат болуп турат.

Орусияда рохинжа мусулмандарына зомбулукту токтотуу талабы менен бир нече акциялар болуп өттү. Чеченстан бийлиги митингге миллиондон ашуун киши чыкканын айтса, "Кавказ.Реалии" долбоору айрым адамдарды бийлик мажбурлап чыгарганын жазды. 4-сентябрда Москвада Мьянма элчилигинин алдында болгон акциянын 17 катышуучусу кармалган.

XS
SM
MD
LG