Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Евразия акыйкатчыларынын альянсы түзүлөт


Кыргызстандын акыйкатчы Кубат Оторбаев
Кыргызстандын акыйкатчы Кубат Оторбаев

Буга карата 12 мамлекеттин акыйкатчылары Бишкекке Эл аралык форумга жыйналышты. Акыйкатчынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Гүлзада Шаршеналиеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, альянс Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин демилгеси менен түзүлүүдө. Ошондой эле форумда адам укуктарына байланыштуу айрым маселелер талкууланат:

- Төрт тема боюнча талкуулар болот. Алар: жаза аткаруу жайларын реформалоо, жазасын өтөп чыккандардын кадимки жашоого аралашуусуна көмөктөшүү жаатында, жарандардын шайлоо жана шайлануу укугун ишке ашырууда акыйкатчынын ролу, сот реформасы жана жабык жайлардагы балдардын укугу боюнча талкуулар.

Форумга Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов, Улуттар уюмунун балдар укугу комитетинин төрагасы Рената Винтер катышат. Иш-чара 6-сентябрдан Бишкекте башталып, 7-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG