Жогорку Кеңештин тармактык комитети орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүн мыйзамсыз иш козгоодон коргоо максатында демилгеленген мыйзам долбоорду талкуулады.
Анда ишкерлерге карата мыйзамсыз иш козгогондугу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталат. Мыйзам демилгечисы депутат Акылбек Жапаров органдар ишкерге карата жетиштүү негиз жок болсо да кылмыш иш козгогон учурлар кеңири тараганын, жыйынтыгында ишкерлер орду толгус зыян тартып жатканын айтат.
Эгерде ишкерге келтирилген зыян миллион сомдон ашса ага карата мыйзамсыз иш козгогон адамдарды 5-7 жылга абакка кесүү сунушталууда.
Буга чейин кыргыз өкмөтү дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ишкердик баштагандарды салыктан бошоткон. (SDz)