Президенттик шайлоонун канчалык деңгээлде таза өтөрү андан кийинки коомдук-саясий абалга түздөн-түз таасир этет. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.
Акыйкатчы Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды жайылтуу жагынан аймак боюнча лидер экенин белгилеп, алдыдагы президенттик шайлоо өлкө үчүн олуттуу экзамен болорун айтты.
Бишкекте акыйкатчылардын адам укугун коргоодогу нормативдик-укуктук ченемдерди жакшыртуу жаатындагы ролун талкуулаган эл аралык конференция өтүп жатат. Ага Орусия, Түркия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Австрия, Молдова, Армения, Монголия жана Литванын өкүлдөрү катышууда.
Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышам деген талапкерлердин саны бүгүнкү күндө 13кө жетти.(RK)