Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

АКШ Иран өзөктүк келишимди бузуп жатат деп табышы мүмкүн


Иран сынаган баллистикалык ракета, 9-март, 2016-жыл.
Иран сынаган баллистикалык ракета, 9-март, 2016-жыл.

Кошмо Штаттар 2015-жылы жетишилген келишимди Иран бузуп жатат деп табышы мүмкүн, бирок бул Вашингтон келишимден чыгат дегенди билдирбейт, - деди АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси 5-сентябрда.

Мыйзам боюнча Мамлекеттик департамент Конгресске 90 күн сайын Тегерандын келишимдин шарттарын кандай аткарып жатканы боюнча билдирип турат.

Октябрда берилчү кезектеги билдирүүдө АКШ президент Дональд Трамп Иран шарттарды бузуп жатканын айтышы мүмкүн.

“Эгер президент Иран келишимдин шарттарын бузуп жатат деп тапса, бул Кошмо Штаттар келишимден чыгат дегенди билдирбейт”, – деди АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.

Трамптын администрациясы буга чейин Иран келишимди аткарып жатканын тастыктаган билдирүүнү Конгресске эки жолу жөнөткөн.

Кошмо Штаттар буга чейин Ирандын өзөктүк программасы тарыхый келишимге “шек келтирип” жатат дегени менен менен фактыларды келтирген эмес. Тегеран болсо өзөктүк куралдарды сыноо коргонуу максатын көздөрүн билдирген.

АКШ Ирандын баллистикалык курал сыноосуна каршы санкцияларды жарыялаган.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер АКШ дагы жаңы санкцияларды киргизсе Иран өзөктүк келишимден “тез арада” чыгып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG