Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети бүгүн ачылары айтылууда


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Достук” өткөрмө бекети бүгүн ачылары айтылууда.

Расмий иш-чара саат 17:00дө болорун “Азаттык” радиосуна Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Талантбек Канатбек уулу билдирди. Бирок өткөрүү тартиби кандай болору азырынча аларга белгисиз экенин айтты.

“Эки өлкө президенттеринин келишимине ылайык чек ара бекетинин эки тараптуу ачылышы болот” деп жазды ал Facebook баракчасына.

Кыргызстандын Чек ара кызматы азырынча бул тууралуу расмий маалымат жок экенин айтууда.

Кечээ өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келген.

Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушууда ал “Чын эле Анжиянга ээн-эркин каттап калабызбы деп жатышат. Ооба, катташат. Бул үчүн элге шарт түзүшүбүз керек” деп айтты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 3-4-сентябрда эки өлкөнүн эксперттери Ошто жолугуп, кайсы бекеттерди биринчи кезекте ачса элге ыңгайлуу болорун талкуулаганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күндө автоунаа бекеттеринин үчөө гана ачык. (RK)

XS
SM
MD
LG