Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Германия Путиндин Украина боюнча сунушун колдойт


Украинанын чыгышындагы украин армиясынын жокоери, 31.07.2014
Украинанын чыгышындагы украин армиясынын жокоери, 31.07.2014

Германия президент Владимир Путиндин Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрүн Украинанын чыгышына жиберүү тууралуу сунушун “[Орусиянын] саясаттагы өзгөрүүсү жана биз аны колдон чыгарбашыбыз керек” деп баалады.

Путин жеңил куралданган тынчтык орнотуу күчтөрүн эл аралык миссиянын кызматкерлерин коргоого жиберүү тууралуу резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешине берилгенин 5-сентябрда Кытайда өткөн БРИКС саммитинен кийинки маалымат жыйында айтты.

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл Путиндин билдирүүсү “таң калтырса” дагы “мындай биринчи кадамга кубанып турганын” айтты. Ал Орусия буга чейин четке кагып келген Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрүн Украинага киргизүү тууралуу сунушту талкуулоого даярдыгын билдирди.

Киев болсо Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши менен “бул маселени талкуулоого даярдык” жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG