Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Химия сабагын кыргызча үйрөткөн сайт ачылды


Кыргызстанда химия сабагын интернет аркылуу кыргызча окутуу боюнча онлайн кызматы ишке киришти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна долбоорду ишке ашырып жаткан “Сорос-Кырызстан” фондунан кабарлашты.

Каалоочулар www.himiya.net.kg сайтына кирип, химия боюнча өз алдынча сабак алып, экзамен, тесттерге катышууга даярдана алат.

Долбоор «Онлайн химия сабактары» деп аталат.

Адистердин айтымында, окуучулардын химия боюнча билим деңгээли төмөн болууда. Маселен, быйыл тест тапшыргандардын 69% каалаган окуу жайына өтүү үчүн бул сабактан тиешелүү балл ала албай калган.

Жогорку окуу жайга өткөндө биринчи курстар китеп жетишсиздигинен кайналып жатканын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG