Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча кыргыз тарап өз позициясын коргойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алдын ала техникалык экономикалык негиздемеси даярдалган. Учурда талаа жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, талаа жумуштары ноябрь-декабрь айларында аяктап калышы керек.

- Темир жолдун курулушунда Кыргызстан өзүбүздүн маршрутубузду бергенбиз жана андан тайбайбыз. Биз темир жол Ат-Башы аркылуу Өзбекстанга өтүшү керектигин айтып, аны менен өзүбүздүн ички темир жолдорубузду өнүктүрүп алалы деп жатабыз.

Транспорт министри учурда Өзбекстан бул темир жолдун курулушу боюнча кыргыз тарап менен жолугушууну каалап жатканын айтты. Бирок, кыргыз тарап азырынча жолугушууга даяр эместигин, ал үчүн алгач өлкө ичинде "тегерек стол" талкуусун өткөрүү зарылдыгын билдирди.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. 2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду курууга 6-6,5 млрд доллар кетет деп айтылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG