Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Миңдеген адам кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин ачылышын күтүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин кыргыз тарабында ушу тапта миңдеген адам чогулуп турганын "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен маалымдоодо.

Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан,2010-жылдагы окуялардан кийин жабылган “Достук” өткөрмө бекети бүгүн ачыларын Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Талантбек Канатбек уулу кабарлаган.

“Эки өлкө президенттеринин келишимине ылайык чек ара бекетинин эки тараптуу ачылышы болот” деп жазды ал Facebook баракчасына.

Кыргызстандын Чек ара кызматы азырынча бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Кечээ өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келген.

Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушууда ал “Чын эле Анжиянга ээн-эркин каттап калабызбы деп жатышат. Ооба, катташат. Бул үчүн элге шарт түзүшүбүз керек” деп айтты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 3-4-сентябрда эки өлкөнүн эксперттери Ошто жолугуп, кайсы бекеттерди биринчи кезекте ачса элге ыңгайлуу болорун талкуулаганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күндө автоунаа бекеттеринин үчөө гана ачык. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG