Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

"Достук" бекетинин ачылыш салтанаты өттү


Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынды.

Ушу тапта бекетте бул окуяга байланыштуу расмий иш-чара өтүүдө. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, миңдеген тургундар катышууда.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, чек ара бекетинин өзбек тарабында да көптөгөн адамдар чогулду.

Кечээ өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күндө автоунаа бекеттеринин үчөө гана ачык. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG