Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Анжиян акими: "Достук" аркылуу эми телеграммасыз өтсө болот


Чек арада чогулгандар
Чек арада чогулгандар

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Достук" өткөрмө бекетинин ачылыш салтанаты ушу тапта өзбек тарапта өтүп жатат.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган расмий делегацияны өзбек тарап ыр-бий, шаң менен тосуп алды.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов бир нече күндөн кийин бул бекет аркылуу эч тоскоолдуксуз өтсө болорун жарыялады:

- Паспортту көрсөтүп өтө бересиңер, телеграмма деген балээ жок болот.

Абдурахмановдун бул айткандарын эл узак кол чабуу менен кубаттап турду.

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынып жатат.

Мурда ал аркылуу өтүш үчүн чакыруучу тараптан телеграмма талап кылынчу.

Бекеттин ачылыш салтанаты буга чейин кыргыз тарапта өтүп, ага да миңдеген жергиликтүү тургун катышты.

Кечээ өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күндө автоунаа бекеттеринин үчөө гана ачык. (RK)

XS
SM
MD
LG