Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:28

Мындай сунушун Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Оштогу кыргыз-өзбек "Достук" чек ара бекетинин Өзбекстан тарабында сүйлөп жатып билдирди. Кадырбаев 5-сентябрь күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери 15 жылдан бери эки элдин көйгөйү болуп жаткан чек ара маселесин 15 мүнөттө чечкенин белгилеп, бул күндү эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын күнү болсун деди:

- Элине кызмат кылган мына ушундай болот. Ошондуктан, эки президентибизге узун өмүр каалап, терең ыраазычылык билдиребиз. Эки элдин ынтымагы жана достугу мындан ары да бекем болуп, ырашкерлиги арта берсин!

Ал эми Анжиян облусунун акими Шухрат Абдрахманов чек аранын эки тарабында жашап келе жаткан өзбек эли телеграмма деген балээден кутулуп, тууган-урук, жек-жаат менен эркин катышып каларын айтып кетти.

Ушул тапта Оштогу "Достук" чек ара бекетинин ачылышы болууда. Бекеттин ачылышына арналган салтанат Өзбекстан тарапта уланып жатат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG