Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Трамп: Түндүк Кореяга каршы согуштук аракеттер АКШнын биринчи варианты эмес


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп 6-сентябрда Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө айтты. Трамп кырдаалды Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен ачык талкуулаганын маалымдады:

- Президент Си мени менен 100% макул. Ал дагы болуп жаткан иштерге кайдыгер эмес. Бизде телефон аркылуу өтө ачык жана күчтүү сүйлөшүү болду.

Трамптын сөзү боюнча, телефон аркылуу сүйлөшүүдө тараптар Түндүк Кореянын азыркы жолу жалпы дүйнө үчүн коркунуч экенин белгилешкен.

Мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин "Пхеньянды бурчка такоо" аракетине каршы чыккан. Ал мындай пикирин 6-сентябрь күнү Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Владивостоктогу иш-чарадагы жеке жолугушуусунан кийин билдирген.

"Пхеньяндын ракета жана өзөктүк программасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын орой бузууга жатат жана Түндүк-Чыгыш Азияга коркунуч келтирет" деди Путин биргелешкен маалымат жыйынында. Ошол эле учурда ал Түндүк Кореяга каршы санкцияны күчөтүүгө каршылыгын билдирип, бул Корей жарым аралындагы маселени чече албастыгын айтты.

Түштүк Кореянын президенттик кеңсеси Мун Путинден жок дегенде эл аралык санкцияларды колдоп берүүсүн суранганын билдирди. Бирок, Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун маалыматы боюнча, тараптар Түндүк Кореяны мунай менен камсыздоону токтотуу маселеси боюнча бир пикирге келе алган эмес.

XS
SM
MD
LG