Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:55

Бүгүн жаңы куралган өкмөт мүчөлөрү ант беришет


Өкмөт башчы Сапар Исаков

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бүгүн парламент ишин улантып, жалпы отурумга чогулат. Күн тартибинде жаңы куралган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи бар.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеш 25-августта шайлаган. Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкерлигин койгонуна байланыштуу кызматын тапшырып, анын ордуна президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков келген. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG