Чектөө мал жайлоодон түшүп жатканына байланыштуу автоунаалар үчүн киргизилүүдө. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош мамлекеттик дирекциясы менен Жайыл жана Панфилов райондорунун жетекчиликтери чогуу, жайлоодон түшүп жаткан малды тоннель аркылуу айдап өтүүгө ыңгайлаштырылган график түзүлдү. Ага ылайык, 5-30-сентябрь күндөрү, саат 01:00 - 02:30, 05:00 - 06:30, 11:00 - 13:00 аралыгында тоннелден мал ѳтѳт. Ал эми саат 02:30 - 05:00, 06:30 - 11:00, 13:00 - 01:00 аралыгында тоннел автоунаалар үчүн жабык болот.
Мал ѳтүп жаткан убакта тоннел эки тарабынан жабылат жана жумушчулар машинелерди белгиленген графиктин негизинде ѳткѳрүп турат.