Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Тажик бийлиги элди улуттук кийим кийүүгө үндөөдө


Тажикстандагы мобилдик операторлордун кардарлары 6-сентябрь күнү эртең менен элди бир гана улуттук кийим кийүүгө чакырган SMS-билдирүү алышты. Өлкөнүн аялдар иштери жана үй-бүлө комитети билдирүү алардын суранычы менен жөнөтүлгөнүн тастыкташты.

“Биз “Тажиктелеком” компаниясына жана башка операторлордун жетекчиликтерине "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын аткрылышына көмөк көрсөтүүлөрүн сурап расмий кат жөнөттүк. Мыйзам өлкө жарандарын улуттук маданияттын атрибуттары – мамлекеттик тилди билүүгө, улуттук кийимдерди кийүүгө милдеттендирет”,-деди комитеттин төрайымы Махбуба Азимова.

“Улуттук кийимдерди кийүү – шарт!”, “Улуттук кийимдерди сыйлагыла”, “Келгиле, улуттук кийим кийүүнү жакшы салтка айландырабыз” – деген SMS-билдирүүлөрдү мобилдик телефондордун 6 миллиондой колдонуучусу алды.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 23-августта жарандарды улуттук кийим кийүүгө жана мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алган.

Анын алдында президент Эмомали Рахмон улуттук каада-салтка жат кийингендерди кескин сынга алган. Укук коргоочулар мындан кийин хижаб, сатр кийгендерге каршы калайман жараян башталганын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG