Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Мьянмадагы кырдаалга тынчсызданып, аталган өлкөнүн бийлигинин саясатын айыптап чыкты. Депутат Төрөбай Зулпукаров Мьянма өлкөсүндө болуп жаткандай мыкаачылык адамзаттын тарыхында болбогонун айтып, кырдаалга бүтүндөй дүйнө кош көңүл эместигин белгиледи.
- Кээ бир эл аралык уюмдар жана мамлекеттер Мьянмадагы окуяны көрүп туруп, башын жерге катып, үн чыгарбай турушат. Ошол эле учурда биздин Тышкы иштер министрлигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз, алар өз пикирин ачык айтканга жетишти.
Зулпукаровду коштогон дагы бир эл өкүлү Мирлан Бакиров Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары Мьянмадагы окуяларга уюмдун көңүлүн бурууга аракет кылыш керек деди. Ал уюмдун жакынкы отурумунда Кыргызстан Мьянмадагы окуяга кайдыгер эмес экенин айтышы керектинин кошумчалады.
Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн жана рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан кеминде 400 киши өлдү. 90 миңден ашуун рохинжа коңшулаш Бангладешке качууга мажбур болушту. Рохинжалар бир нече жылдардан бери Мьянманын жарандыгын ала албай келишет. Өлкөдө мусулман азчылыктар менен буддисттердин ортосунда кагылышуулар бат-бат болуп турат.
6-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Мьянмадагы зомбулукту токтотууга чакырган. Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы кырдаалга кабатырлануусун билдирип, бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. (SDz)