Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Касымалиева: Бийликте аялдар азайып кетти


Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Кыргызстанда жогорку бийликтен баштап жергиликтүү башкарууга чейин аялдардын саны кескин азайып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ар кандай маселелер талкууланып жатканда айткан депутат Аида Касымалиева жаңы өкмөттүн курамында болгону үч аял бар экенин кошумчалады.

Ал бийликтеги вице-мэр, акимдин орун басары өңдүү орундарда айымдар социалдык блокту тейлеп келген болсо, учурда ал орундарда да аялдар кескин азайганын айтат.

- Ал тургай айлдык кеңештерде жалаң эркектер отурган көрүнүштөр көп. Бирок бир гана эркектерден турган кеңештерде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдар укугу өңдүү маселелерге бюджетти бөлүштүрө келгенде көйгөй көңүл сыртында калып калууда.

Аида Касымалиева ушундан улам өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасына бирден бир алгылыктуу багыт катары гендердик саясат маселесин киргизиш керектигин сунуштады.

Учурда Кыргызстандын 450 айыл аймагында 9 айым айыл башчылыкты аткарып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG