Түркияда өз жанын өзү кыйды деген кыргызстандык жигиттин сөөгү Таластагы ата-энесине бүгүн өткөрүлүп берилет.
Ал Талас облусунун Манас районунун 23 жаштагы тургуну болгонун "Азаттык" радиосуна маркумдун атасы Нурак Качкынбаев билдирди. Айтымында, уулу Анталия шаарына 1,5 ай мурда эле кеткен.
Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык жигит өз жанын кыйды деген маалымат 5-сентябрда тараган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Анталиянын Кумлужа жандармериясынан "Биз азыр так маалымат бере албайбыз, анткени өзүн өзү өлтүрүү боюнча иш сотко өттү. Каза болгон жарандын кыргызстандык экенин аныктадык" деп билдиришкен.
Окуяга эмне себеп болгону жана ал чын эле өз жанын өзү кыйганбы, азырынча расмий айтыла элек.
Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда Түркиядан жыл сайын Кыргызстанга "200" жүгүнөн орточо 15и жөнөтүлөт. (AlS)