Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Муфтият: Итагардагы чырга тиешебиз жок


Муфтият кызматкерлери
Муфтият кызматкерлери

Итагардагы чырга Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлеринин тешеси жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Дин башкармалыгынын (Муфтият) маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди:

- Тескерисинче, биздин аймактык имамдарыбыз элди ынтымакка чакырып, тартип коргоо органдары менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн экен. Муфтияттын түзүмүндө расмий имамдык буйрук менен иштеп жаткан болсо аны дин кызматкери деп атайбыз. Бирок жөн киши эле мүрзөгө же кабырдын жанына барып куран окуп, кызмат кылса, биз аны дин кызматкери деп айта албайбыз.

Аксы районунун Итагар айылындагы жергиликтүү тургундар менен молдолордун ортосунда чыккан чырды райондук милиция териштирип жатканын "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын айтымында, окуя 4-сентябрда болгон. Айыл тургундары Баба-Ата мазарын оңдоого барганда ал жердин убактылуу дайындалган шайыгы жана башка тургундар менен пикир келишпестик чыккан.

6-сентябрда эки тарап жолугушуп, милиция аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мазар шайыгы менен бирге дагы эки адам милицияга алынып келинип, түшүнүк кат жазып, кайра кое берилди.

Итагар айылынын тургуну Маралбек Жоробаевдин пикиринде, чырдын чыгышына сыйынуу үчүн келген аялдарга тыюу салынганы себеп болду, анткени буга чейин ал жерге бала тилеп барган аялдар сыйынып кетишчү. Ошондой эле ал айылдын молдосу жана белгисиз адамдар биригип алып "шайыкка сөз тийгизбегиле" деп элди коркутуп, бир баланы ур-томокко алганын да кошумчалады.

Итагар айылындагы Баба-Ата мазары 19-кылымга таандык. Ал сыйынуучу жер катары белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG