Бул тууралуу интернеттеги социалдык түйүндүн расмий адамдары Конгресс комиссиясындагы угуу учурунда билдирди.
Учурда федералдык иликтөөчүлөр менен кызматташып жаткан Фейсбуктун расмий адамдарынын айтымында, алар былтыр Орусиядан АКШ шайлоочуларын бутага алган операцияга рекламалык аянтча бергени билинди.
Ал эми “Вашингтон Пост” басылмасынын бул маселеге тиешеси бар адамдарга шилтеме жасап жазганына караганда, социалдык түйүн Кремлчил пропаганданы түрткөн интернет троллдорго 100 000 доллардык рекламалык аянтча сатылганы аныкталды.
Иликтөө ошондой эле ал жарнамалар Фейсбукта жашыруун ысым менен катталган фейк аккаунттардан, ошондой эле иммиграция, курал, кумсалардын укугу өңдүү маселелер боюнча кайчы көз карашты жайылткан баракчалар аркылуу таратылган.
2015-жылдын жайынан тарта башталган ал рекламалардын аз бөлүгүндө ошол кездеги президенттикке талапкерлер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун ысымдары ачык аталган.
Фейсбук ошол рекламалык аянтчаларды сатып алган фейк аккаунттар токтотулганын да билдирүүдө.
Учурда Конгресс жана атайын прокурор Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого кийлигишкени, анын ичинде президент Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен байланышы болгон- болбогону боюнча иликтөөлөрдү улантып жатат.
Трамп өзү анын шайлоо штабы Орусия менен иштешкен деген айыптоолорду такай төгүндөп келет. (UE)