Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Казак журналисти Жанбулат Мамай абактан бошотулду


Жанбулат Мамай (ортодо) сот залынан бошотулгандан кийин жактоочулары менен. Алматы, 7-сентябрь, 2017-жыл.
Жанбулат Мамай (ортодо) сот залынан бошотулгандан кийин жактоочулары менен. Алматы, 7-сентябрь, 2017-жыл.

Алматынын соту бийликтин сынчысы катары белгилүү журналистти бүгүнкү олтурумда арам акчаны адалдаганы үчүн айыптуу деп тапты. Үч жылга “эркиндигин чектөөгө” кесип, бирок абактан чыгарды.

Сот өкүмүнө ылайык, Жанбулат Мамайдын мүлкү конфискацияланып, ал үч жыл журналисттик ишмердик менен да алектене албайт.

Мамай жана анын жактоочулары кылмыш иштин саясий жүйөсү бардыгын айтып келишкен. Журналист өзү бүгүн абактан бошотулушун “коомчулуктун жеңиши” катары мүнөздөдү.

29 жаштагы Жанбулат Мамай - “Саясий калем. Трибуна” гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучусу болгон.

Казак тергөөчүлөрүнүн ырастоосунда, ал азыр Европада жашаган олигарх Мухтар Аблязов уурдап кеткен акчанын адалдануусуна катышы бар.

Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн негизги саясий душманы катары санаган Мухтар Аблязовду БТА банкты башкарып турган кезинде беш миллиард долларды уурдаган деп күнөөлөнгөн.

Аблязов да ага коюлган айыптарды четке кагып, саясий жүйө менен куугунтукталып жатканын билдирип келет.

Казак бийликтеринин Аблязовду экстрадициялоо аракеттери оңунан чыкпай, Франция үч жылдан кийин былтыр декабрда аны абактан бошоткон. Казакстанда болсо Аблязов сыртынан 20 жылга кесилген. (UE)

XS
SM
MD
LG