Кыргыз өкмөтү өзүнүн "Жаңы доорго 40" кадам программасынын алкагындагы ишин болушунча ачык жүргүзүүгө белсенүүдө. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн министрлер менен жыйын өткөрүп, коомчулук өкмөт эмне иш аткарып жатканын билиши керектигин, почта менен иштегенди унутуп, толугу бойдон санарипке өтүү зарылдыгын айтты.
Эки жыл ичинде санарип форматтагы өкмөт болуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы алгачкылардан болуп тиешелүү ишти аткара башташы керектиги айтылды.
Сапар Исаков кетирген каталарын ачык айтып, ачык иштеген өкмөт болуу максаты коюлуп жатканын билдирди.
Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыкканына байланыштуу анын ордуна мурда президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков келди. Исаковдун өкмөтү бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди. (RK)