Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

АКШнын Флорида штаты Ирма бороонуна даярданууда


Ураган учурундагы көрүнүш. Пуэрто Рико, 6-сентябрь, 2017-жыл.
Ураган учурундагы көрүнүш. Пуэрто Рико, 6-сентябрь, 2017-жыл.

Антлантика океанынан кубаты саатына 295 чакырым ылдамдыктагы шамал Флоридага, анын ичинде Маями аймагына 10-сентябрда жетет деп күтүлүүдө.

Эксперттер ал коңшу Жоржия жана Каролина штаттарына өткөнгө чейин Флориданын толук чыгыш жээгин кыйратуусу мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Штаттын бийликтери бул бороон Флорида 1992-жылы туш болгон Эндрю бороонунан да күчтүү болушу мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Буга чейин Пуэрто Рико жана Кариб деңизиндеги француз аралдары кабылган Ирма бороону учурда Гаити менен Доминикан республикасын карай багыт алды. Азыркыга чейин бороон кеминде сегиз адамдын өмүрүн алды.

Өткөн аптада эле АКШнын Техас штатынын бөлүктөрүнө Харви бороону сокку уруп, АКШ Конгресси кечээ анын кесепеттерин жоюуга 7,9 миллиард доллар бөлдү. (UE)

XS
SM
MD
LG